5 жылдан бери жабык турган Тарых музейи эшигин качан ачат? Министрликтин жообу

Оңдоп-түзөө иштери 2 жылга созулуп, 118 миллион сом мыйзамсыз коротулду делген Бишкектеги Тарых музейи шаар тургундарына 5 жылдан бери эшигин ача элек. SUPER.KG порталы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылганда музейдин качан ишке кирери али белгисиз экенин айтышты.

"Ачылат деп белгилүү бир күндү айтса эле ачмакпыз. Бирок азырынча качан, кандай кылып ачабыз маалымат жок, белгисиз. Себептери баягы эле кылмыш иши, анан экспонаттарды кичине оңдош керек деп айтылып жатпады беле. Эгер расмий түрдө ача турган болсок кадимкидей журналисттерди чакырып ачабыз", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан