"Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду өзүн "футбол тарыхындагы эң мыкты бомбардир" деп атап, муну менен дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пелени ашып өткөнүн жарыялады. Бул тууралуу атактуу футболчу өзүнүн Инстаграм баракчасына жазганын дүйнөлүк спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 14-мартта болуп өткөн Италия чемпиондугунда хет-трик жасаган Роналду профессионалдык карьерасындагы 770-голун киргизген. Футболчу расмий статистикада Пеленин он голу эске алынбагандыгын, ал өзүн рекордсмен деп эсептей тургандыгын баса белгилеген. Ошондой эле Роналду бразилиялыктардын дүйнөлүк футболго кошкон салымын айта кеткен.
21-январда Италия Супер Кубогунун финалында Роналду карьерасындагы 760-голун киргизип, футбол тарыхындагы абсолюттук рекордду жаңылаган. Голдордун саны боюнча буга чейинки абсолюттук рекорд чехиялык чабуулчу Йозеф Бицанга таандык болчу. Ал 1931-1955-жылдар аралыгында 759 гол киргизген. Расмий статистика боюнча Пеледе 757 гол бар.