Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнүн Коргоо министрлигине бир тик учак белекке берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча басма сөз кызматынын маалыматында айтылат.
"Өзбек тарап Коргоо министрлигине бир тик учакты кайтарымсыз негизде берип, дагы бирин оңдоп берет", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аскердик багыт боюнча кадрларды, учкучтар менен байланышчыларды даярдоо маселеси каралганы да айтылды.