Романовка, Гавриловка жана Александровка айылдарынын жашоочулары эмне үчүн жаратылыш газын тандашты? (видео)

2019-2020-жылдары «Газпром Кыргызстан» компаниясы Чүй облусунун Романовка, Гавриловка жана Александровка айылдарын газдаштырды. Мындан ары эми жашоочулардын турмуш-тиричилик шартын жана экологияны жакшыртууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү: тамак-ашты тез даярдоого, үйдө ыңгайлуу температураны орнотууга, уулуу заттар менен дем алуудан арылууга.

Жогорудагы айылдарды газдаштыруу үчүн 2019-2020-жылдары «Газпром Кыргызстан» компаниясы жалпы узундугу 123 чакырымды түзгөн газ бөлүштүрүүчү тармактарын курду: Александровка айылында 79 чарчы метр, Гавриловка айылында 30 чарчы метр жана Романовка айылында 14 чарчы метр жаратылыш газына кошулууга 3800 турак үй мүмкүнчүлүк алды.

Александровка жана Гавриловка айылдарынын тургундары жаратылыш газына 2020-жылы кошулса, Романовка айылынын жашоочулары газды экинчи жылытуу сезонунда колдонуп жатышат.

Эдир Вундиза, Александровка айылынын тургуну:

«От казан орнотулган бөлмөгө мен анда-санда гана кирем, себеби аппаратура өзү иштейт. Буга чейин бөлмө күлгө толуп, дайыма тазалап турчу элек. Азыр болсо таза. Өзүң үчүн дагы ыңгайлуу жана ден соолугуң үчүн дагы пайдалуу. Кээ бир адамдардын үйүнүн ичинде көмүр менен иштеген от казандар турат. Бул өтө кооптуу, анткени ал жерде истүү газ болушу мүмкүн. Ал эми жаратылыш газы менен мындай көйгөйлөрдүн бири дагы жок».

Азия Токочбаева, Романовка айылынын тургуну:

«Көмүр менен газдын айырмачылыгы өтө эле чоң экен. Буга чейин биз Бишкекте жашаган балдарыбыздын үйүнө конокко барганда, кайра дайыма өз үйүбүзгө шашат элек – мешке от жагыш керек деп. Үйдү көмүр менен жылытууда таңга маал муздай түшчү – түн ичинде туруп, от жагыш керек. Дагы бир көйгөйү бар – кышка карата көмүр сатып алуу үчүн алдын ала акча чогултуш керек. Биз айыл жергесинде жашагандыктан жана пенсионер болгондуктан туруктуу жумушубуз жок. Азыр жаныбыз тынч. Үйдө газ от казаны иштеп жатат, конокко дагы тынч барып келебиз. Кайра үйгө келгенде, дайыма жылуу бойдон турат. Эң негизгиси – таза бойдон жүрөсүң. Акча жагын алсак – биз үчүн жакшы эле. Толук жылытуу сезону үчүн 25 миң сомдун тегерегиндеги каражат кетет экен. Бул биз үчүн жакшы».


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан