"Тез жардам" унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 37 жаштагы аял менен 3 жаштагы кыз каза болду (видео)

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда "Тез жардам" кызматы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 15-мартта саат 12:15 чамасында болгон.

"Тез жардам" кызматы Токмоктон Кемин районун көздөй бара жатып, Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, андан кийин Honda Inspire унаасы менен кагышкан. Toyota Estima унаасы катуу соккудан улам Audi унаасын барып сүзгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан Honda Inspire унаасынын жүргүнчүлөрү болгон 37 жаштагы аял жана 3 жашар кыз каза болгон. Дагы бир адам жаракат алган. Жол кайгуул кызматынын инспекторлору кырсык болгон жерде иш алып барууда", - деп билдиришти мекемеден.

Тез жардам унаасы менен 3 жеңил унаа катышкан жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazmina909090
2021-03-15 14:49:22
АЛЛАХЫМ ЖАЙЫН ЖАННАТТАН КЫЛСЫН.Байкуш периште эмеле дүйнөгө келгенде кайра кете берди жашоо ушундай таш боор экен эч кимди аябайт экен.Ушинтип эле өлүп кете берет экенбиз да.Аллахым узун өмүр бер женил өлүм бер айттырбай келген кырсыктан сактагын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан