Сургутта өрттөн каза болгон бир туугандардын сөөгү Кыргыз өлкөсүнө эртең жөнөтүлөт

Орусиянын Сургут шаарында өрттөн каза болгон бир туугандардын сөөгү эртең, 16-мартта Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлөт. Маалыматты КРдин Тышкы иштер министрлиги тастыктады.

Буга чейин Орусиянын тергөө комитетинин Сургут шаары боюнча тергөө бөлүмү эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келген факты боюнча кылмыш ишин козголгону айтылган.

Ал эми орусиялык басылмалар "Балким, балдарын жоготкон эне мыйзам алдында жооп бериши мүмкүн. Сургут шаарынын тургундары трагедияга байланыштуу көптөгөн суроолорду беришүүдө. Алар үй-бүлөнүн атасы кайда экендигине жана балдар эмне үчүн мектепке барбай калгандыгына кызыгышууда. Анткени жаш курагы боюнча алар мектепте окушу керек болчу", - деп жазышууда.

11-март күнү Сургут шаарында (Ханты-Манси автономиялык округу) турак үйдөн өрт чыгып, 9 жана 6 жаштагы эки бала каза болгону маалымдалган. Алар Кыргыз жарандары болушкан. Белгилүү болгондой, каза болгон балдардын энеси кырсык болгон учурда жумушта болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kadyrova_
2021-03-15 16:01:38
Аиий Кудайым өзү сактасын эки баласынан айрылганы аз келгенсип жооп да берет экенда байкуш тирилик деп кеткенда бул шордууда.Аллам өзү сактасынчы баардык мусульман элин.
+5
JaneEr
2021-03-15 21:17:41
Атасы бакпай журот кыкендер,анан эне куноолуу каерде болсо да байкуш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан