Биз социалдык тармакта

"Так сүйлөй албайт". Жалал-Абадда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 34 жаштагы аял изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Ноокен айылынын 1987-жылы туулган Жаркынай Тажибаева аттуу тургуну изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2-январь күнү саат 23:00 чамасында өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 сантиметр, өңү кара тору, кашы, көзү кара, чачы узун, мойнунда кесилген шрамы бар, 2-топтогу майып, так сүйлөй албайт.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү узун күрмө, кара шым, кара түстөгү бут кийим.

Дайынсыз болуп жаткан Жаркынай Тажибаева тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, туугандары жана милиция кабарлап коюңуздарды суранат: 102, (03734) 5 05 44, 0755 54 00 35, 0771 05 57 75.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан