Бүгүн, 15-мартта Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалган жарандар мекенине кайтарылганы
маалымдалган.
SUPER.KG порталы өкмөт өкүлчүлүгүнөн мыйзам бузду делген жарандар кандай жагдайда чыгарылганы тууралуу сурады. Себеби буга чейин мекеме
"Тажикстандагы 5 жаран алмашуу жолу менен өлкөгө кайтарылат" деп
билдирген.
"Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалган жарандарды бошотууда алмашуу болгон жок. Биздин 3 жаран облус башчыларынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында, эскертүү берилип бошотулду. Ал эми калган 9у Тажикстан мыйзамдары боюнча соттолуп, мыйзам чегинде айып төлөштү.
Ар бир жаран 180 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөштү. Азыркы тапта бизде да 15 Тажик жараны кармалып турат, алар мыйзам чегинде жооп берет", - деди маалымат катчы.