Биз социалдык тармакта

Кар жаап, жолдор тайгак болот. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 16-мартта өлкөнүн бардык аймактарында кар аралаш жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Жолдор тайгак болот, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -2…3;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -4…1, күндүз +3…+8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;

Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте күндүз бир аз кар жаашы күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…- 9 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан