Жарандык активист Тилекмат Куренов кармалды. Ал Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг уюштурган

Бишкек шаарында жарандык активист Тилекмат Куренов кармалды. Бул тууралуу "Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Куугунтуктан азап чегип, запкы көргөн бийлик бул кадамыңар жеткен наадандык. Буга чейин бийликтин кемчилигин, туура эмес жолго баратканын айтып жүргөн Тилекмат Куреновду азыр ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгына алып кетишиптир.

Урматтуу журналисттер, коомдук-саясий ишмерлер, кадырлуу кыргыз эли Тилекмат Куреновго ойлонулуп жазалган күнөө коюлушу мүмкүн. Маалымат берип турабыз", - деп жазган ал билдирүүсүндө.

Буга байланыштуу ИИМдин маалымат кызматына байланышканыбызда, тактап беришерин билдиришти.

Эске салсак, буга чейин, 9-март күнү Ак Үй алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы талап менен митинг өткөн. Анда уюштуруучулар президент Садыр Жапаровду бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан