Жарандык активист Жеңиш Молдокматов Садыр Жапаровду сотко берүү үчүн документтер даярдалып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-мартта SUPER.KG порталына кабарлады.
Өткөн аптада Молдокматов документтер даярдалып жатканын айтып, 1-2 күндүн ичинде сотко бере турганын билдирген. "Азыркы учурда документтер даярдалып жатат. Бул аптанын аягына чейин даяр болот. Президент Садыр Жапаров парламент менен биргеликте бийликти толугу менен узурпациялап, мыйзамсыз иштерди кылып жатышат. Мыйзамсыз нерселерди токтотуш үчүн буларды сотко бериш керек", - деген ал.