Нидерландыда нааразычылык акциясына чыккандарды полиция кызматкерлери ур-токмокко алды

Нидерландынын Гаага шаарында коронавирус пандемиясындагы чектөөлөргө каршы нааразычылык акциясына чыккандарды полиция кызматкерлери таркатуу үчүн суу чачып, ур-токмокко алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Нааразычылык акциясына 200дөн ашуун адам катышты. Мындан тышкары алар дистанциялык аралыкты сакташкан эмес. Митингчилер "Эркиндик!" жана "Диктатурага жол жок!" деген ураандарды көтөрүп чыгышкан.

Басылмалардын маалыматына ылайык, полиция кызматкерлери чогулгандарды үйүнө сый менен тарап кетүүнү талап кылышкан, тилекке каршы, эл ага баш ийген эмес. Андан соң күч түзүмдөрү суу чачышкан.
Ошондой эле социалдык тармактарда полиция кызматкерлери таяк менен адамды сабаган видео тараган.
Нидерланды бийлиги 23-январда коронавирус илдети тарап жаткандыктан өлкөгө коменданттык саат киргизген. Анда 21:00дөн 04:30га чейин көчөдө жүргөн жарандарга 95 евро (9 миң 612 сом айланасында) айып пул салуу каралган. Мындай чечим нааразычылык акцияларына алып келген.
Аталган өлкөдө коменданттык саат 31-мартка чейин узартылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан