Саясатчы Жеңиш Молдокматовго тиешелүү кеңсеге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жеңиш Молдокматов социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
Анда милиция кызматкерлери кеңсеге эмнеге келгендигин түшүндүрүп жатканын, Молдокматов видеого тартканга укугум бар деп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле тинтүү Тилекмат боюнча жүргүзүлүп жатканы айтылат.
Видеодо тергөөчү кеңседе мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, баңгизаттары болсо тапшырып коюуну айтат.
15-мартта жарандык активист Тилекмат Куренов кармалганы белгилүү болду. Ал Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг уюштурган.
Буга чейин, 9-март күнү Ак Үй алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы талап менен митинг өткөн. Анда уюштуруучулар президент Садыр Жапаровду бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экендигин билдиришкен.