Жолдор тайгак болуп... Бишкекте бир суткада 19 жол кырсыгы катталды

Туруксуз аба ырайына байланыштуу жолдор тайгак болуп, өткөн сутка ичинде Бишкек шаарында 19 жол кырсыгы катталды. Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, борбор калаада "Гололёд" аталышындагы рейд жүргүзүлдү.
"Бир суткада катталган 19 жол кырсыгынын кесепетинен 49 жаран жаракат алды. Жол кырсыктарынын себептеринин көбү аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана жол кыймылынын эрежелерин бузуу. Мындан улам 15-марттан 18-мартка чейин Бишкек шаарынын аймагында атайын рейд жүргүзүлөт", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан