АПЛ: "Вулверхэмптон" командасынын дарбазачысы оюнда катуу жаракат алды. Анын учурдагы абалы белгилүү болду (видео)

Бүгүн, 16-март күнү түндө Англия Премьер-Лигасынын (АПЛ) 28-турдук оюнунун алкагында "Вулверхэмптон" командасы өз үйүндө "Ливерпуль" футболдук клубун кабыл алды.

Оюндун 86-мүнөтүндө үй ээлеринин дарбазачысы Руи Патрисиу оор жаракат алды. "Вулверхэмптондун" капитаны Конор Коади Мохаммед Салахтын соккусун тосууга аракет кылып, тизеси менен дарбазачынын башын сүзгөн. Мындан улам оюн 14 мүнөткө токтотулуп, Патрисиу эс-учун жоготкон абалда талааны таштап кетти.

"Руинин абалы учурда жакшы болуп калды. Ал оюн учурунда эмне болгонун баарын билет. Дарбазачынын баш мээси катуу чайкалган. Аны ишенимдүү дарыгерлер карап жатат", - деген "Вулверхэмптон" командасынын башкы машыктыруучусу Нуну Эшпириту Санту.

Оюн 0:1 эсебинде "Ливерпуль" клубунун жеңиши менен аяктады.

Руи Патрисиу оюн учурунда катуу жаракат алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Samurai07
2021-03-16 11:04:50
Тизеси менен да сузо алабы?
Балким башы менен тизесин сузуп журбосун?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан