Бишкек шаарынын "Ош базарындагы" "Бардыгы 50 сом" дүкөнүнөн чайнек жана айна уурдаган 22 жаштагы балдар келип кол коюп туруу милдеттенмеси менен бошотулду. Окуя 2021-жылы январь айынын аягында болгон. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.
Окуянын чоо-жайы:
22 жаштагы 2 жаран өз ара алдын ала сүйлөшүп алып, 20-январда Бишкек шаарынын Бейшеналиева жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Бардыгы 50 сом” соода дүкөнүнүн ичинен баасы 900 сомду түзгөн “Витек” маркасындагы бир даана электр чайнегин жана баасы 450 сомду түзгөн “Миф” маркасындагы айнаны жашыруун түрдө уурдап кетишкен. Натыйжада жабырлануучуга жалпысынан 1 миң 350 сомдук материалдык зыян келтирилген.
Эки айыпталуучу тең 1999-жылы Талас облусунда туулган, улуту кыргыз, билими орто, бойдок, убактылуу иштебеген, мурда соттолгон эмес, жашаган жерлери Чүй облусунун Сокулук району.
Соттук отурумда айыпталуучулар күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Ал эми жабырлануучу айыпталып жаткан балдарды кечирип, тосмо арыз жазгандыгын айтып, элдешип алганына байланыштуу ишти өндүрүштөн кыскартууну өтүнгөн.