Бүгүн, 16-мартта Кант шаарындагы "Спорт Сити" стадионунда Кыргыз Премьер-Лигасынын быйылкы сезондогу алгачкы оюну өтөт.
Бүгүнкү оюнда бишкектик командалар "Алга" клубу менен "Илбирс" командасы кез келет. Оюндун башкы калысы Дайырбек Абдылдаев болот.
Оюн саат 14:00дө башталат.
Экинчи жупта Оштун "Алай" командасы өз үйүндө "Каганат" клубун кабыл алат. Бул оюнда башкы машыктыруучулук милдетти Эрлан Осмонов аткарат.
Оюн 16:00дө башталат.
Былтыркы сезон коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өткөн. Быйылкы сезондо стадиондо көрүүчүлөр болот жана алар бардык санитардык эрежелерди сакташы керек.