Дзюдо: Бишкекке биринчи жолу дүйнөлүк жылдыздар келет. Кимдер?

Апрель айында Бишкекте өтүүчү дзюдо боюнча рейтингдик Азия жана Океания чемпиондугуна катышуу үчүн дзюдо боюнча дүйнөлүк жылдыздар келет. Мындай маалыматты дзюдо федерациясынан кабарлашты.

Чемпиондукка катышуу үчүн Бишкекке келе турган дүйнөгө белгилүү дзюдочулардын тизмеси:

1. Наохиса Такато - Япониялык дзюдочу, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси, Япониянын чемпиону.

2. Ан Ба Ул - Түштүк кореялык дзюдочу, дүйнө чемпиону, Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси.

3. Махматбеков Сомон - Тажикстандык дзюдочу, жаштар арасында дүйнө чемпиону.

4. Ан Чангрим - Түштүк кореялык дзюдочу, дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону.

Азия жана Океания чемпиондугу Бишкек шаарындагы "Газпром – балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда 6-апрелден 9-апрелге чейин өтөт. Бул мелдеш олимпиада оюндарына рейтингдик болуп эсептелет. Чемпиондукка 30дан ашык Азия мамлекеттеринен 400-500 спортчунун катышуусу пландаштырылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан