Кара-Суудагы ууланган адамдардын арасында эки адамдын абалы өтө оор экени айтылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган күндө адамдар эмнеден ууланышканы боюнча SUPER.KG порталы Ош шаардык жана облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Жээнбаевага байланышып, төмөнкүдөй жооп алды.

"Бүгүнкү күндө Кара-Суу жугуштуу оорулар ооруканасында 12 адам дарыланып жатат. Анын ичинен эки адам жандандыруу бөлүмүндө өтө оор абалда жатат. Калгандарынын абалдары жакшы болуп келе жатат.

Лабораториядан үч адамдан "Clostridium botulinum" башкача айтканда, ботулизмди козгогучтар аныкталды. Ошондой эле тамак-аштарга азыр анализ жүргүзүлүп жатат. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, жашылча салаттан ботулизмди козгогучтар аныкталып баштады", - деди Жээнбаева.

Буга чейин туулган күндүк кечеден кийин уулануудан 2 аял каза болгону маалымдалган. Ошондой эле 11 жаран ооруканада жатканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан