Ай туягы жер чапчыган айтылуу "Достук" командасынын белгилүү тулпарлары тууралуу баяндайбыз (видеорепортаж)

"Бөлүнүп ордо, чын мөөрөй атпай турган жер бекен, жатпай оюн көк бөрү, тартпай турган жер бекен" деп "Манас" эпосунда жазылган улуттук оюндардын элдин жашоосунда орду чоң. Алардын ичинен жоон билек баатырларыбыз тарткан көк бөрү оюну кыргыз элинин тарыхы менен тыгыз байланышта.

"Көк бөрү Нооруз-2021" турнирине саналуу күндөр калды. Командалар мелдешке кызуу даярданып жаткан чагы. Оюнчуга минген аты, атка үстүндөгү оюнчусу жарашпаса экөөнүн тең жылдызы жанышы кыйын. Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында өтүп жаткан белгилүү “Достук” командасынын машыгуусуна күбө болуп, аргымактары тууралуу маалымат алдык.

Күлүктөр тууралуу баянды видеодон көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан