Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду ишке кирди

Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтү кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө келишимге кол коюшту. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул документке өлкө башчы Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартында Өзбекстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында кол коюлган.

Маалыматта документ тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн соода, инвестициялык жана каржылык мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүү максатында түзүлгөн.

"Фонддун штабы Бишкек шаарында жайгашкан.

Фонд Кыргыз өлкөсү экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү каржылоочу насыяларды берүү, капиталга катышуу жана башка төмөнкү багыттарда каржылайт:

- агро өнөр жай комплекси;

- тигүү жана текстиль өнөр жайы;

- өндүрүш тармагы;

- транспорт;

- турак жай курулушу;

- соода;

- ишкердикти өнүктүрүү;

- энергетикалык комплекс;

- инфраструктураны өнүктүрүү;

- туризмди өнүктүрүү.

Фонд Кыргыз өлкөсүнүн аймагында долбоорлорду ишке ашыруу максатында эл аралык уюмдар, корпорациялар жана өнүгүү институттары менен өз ара аракеттенет, ошондой эле фонд тарабынан колдоого алынган долбоорлорго техникалык жардам көрсөтөт.

Фонддун уставдык капиталы 50 миллион АКШ долларын түзөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан