22-23-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Мелдешке өлкөбүздүн 7 облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан спортчулар катышат. Алар 55, 60, 66, 74, 84, 96, +96 килограмм салмакта күч сынашат.
Чемпиондуктун жыйынтыгы боюнча, кыргыз күрөшү боюнча улуттук курама команданын курамы түзүлүп, алар дүйнөлүк, Азия чемпиондуктарына, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргошот.
Кыргыз күрөшү боюнча 2021-жылкы өлкө чемпиондугу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулуп, өткөрүлөт.
Программа боюнча мелдештер 22-мартта саат 10:00дө башталып, ачылыш аземи саат 14:00дө орун алат.