Эл аралык Олимпиада комитети "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында гимндин ордуна орусиялык спортчулардын жеңишинин урматына коюла турган музыкалык композицияны чече элек. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин басма сөз кызматы билдирүү тараткан.
"Орусиянын гимнинин ордуна кандай композиция аткарыла тургандыгы азырынча чечиле элек жана бул өз убагында чечилет", - деп билдиришкен басма сөз кызматынан.
Буга чейин Спорт арбитраждык соту (CAS) Орусияны "Токио-2020" Олимпиада оюндарында мамлекеттик гимндин ордуна "Катюша" ырын колдонуу өтүнүчүн четке каккан.
CAS'тын чечимине ылайык, орусиялык спортчулар 2022-жылдын 16-декабрына чейин Орусиянын желеги астында ири эл аралык мелдештерге катыша албайт. Мамлекеттик гимнди жана башка белгилерди колдонууга дагы тыюу салынат.