Бүгүн түндө Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын кезектеги жооптук оюндары өтөт

Бүгүн, 16-марттан 17-мартка караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын алгачкы жооптук оюндары өтөт. Бүгүнкү оюнда 1/8 финалга чыккан 4 команда кез келет.

Оюндардын тизмеси: "Реал Мадрид" (Испания) - "Аталанта" (Италия);

"Альфредо ди Стефано" стадиону (Мадрид шаары, Испания);

Башкы калыс: Тобиас Штилер (Германия).

Бул эки команданын алгачкы оюну 25-февралда өтүп, анда 0:1 эсебинде "Реал Мадрид" командасы жеңишке жеткен.

"Манчестер Сити" (Англия) - "Боруссия Мёнхенгладбах" (Германия);

"Ференц Пушкаш" стадиону "Будапешт шаары, Венгрия);

Башкы калыс: Сергей Карасёв (Орусия).

Бул эки команданын алгачкы оюну дагы 25-февралда өтүп, анда 0:2 эсебинде англиялык клуб жеңишке жеткен.

Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан