Борбор калаада өспүрүмдөр жана чоңдордун арасында сумо күрөшү боюнча мелдеш өтөт

Борбор калаада өспүрүмдөр жана чоңдор арасында сумо күрөшү боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мелдеш 20-мартта саат 9:00дө Чыгыш-5 кичи районундагы Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөт. Таразага түшүү аземи 19-март күнү белгиленет.

"Мелдештердин регламентине ылайык, 2003-2008-жылы туулган өспүрүмдөргө жана 18 жаштан жогоркуларга (эркектер жана аялдар) катышууга уруксат берилет. Катышууга тиркемелерди Бишкек шаарынын 300дөн ашык спортчулары беришти.

Турнирдин максаты - Кыргыз өлкөсүндө сумо күрөшүн жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана күчтүү балбандарды аныктоо", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Белгилей кетсек, мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы Кыргыз Республикасынын сумо күрөшү боюнча ассоциациясы менен биргеликте уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан