Бир жыл мурда чыгармачылыгын жанданткан ырчы Эрнис Турсунов сүйүктүүсүнө баш кошту. Буюрса, жакындарынын батасын алып, үлпөт той өткөрөрүн айткан ырчы жубайы тууралуу буларга токтолду.
"Жубайым менден 10 жаш кичүү. Медицина жаатында билим алат. Клип тартам деп кастинг жарыялаганбыз, ошондо экөөбүз таанышып, мамилебиз жакшы болуп кетти. Айдай экөөбүз сүйлөшүп жүрүп 14-мартта баш коштук. Буюрса, жакындарыбыздан, элден бата алганга даярданып жатабыз. Ушул айдын аягында үлпөт той өткөрөбүз", - дейт ал.
Эске салсак, Эрнис Турсунов 10 жылдан ашык убакыттан кийин чыгармачылыгын жандантканын айтып, "Күтүү" аталышындагы ырын жаздырып, шоу-бизнеске аралаша баштаган.