Мектеп окуучусу менен студент тарифти тандоодо кѳӊүл бура турган эӊ маанилүү нерсе - баарлашуу жана окуп-үйрѳнүүгѳ жардам берген сервистер үчүн интернет топтомунун бар болуусу.
"Переходи на О! Студент Онлайн" тарифи тууралуу видеону кѳрүп чыгыӊыз: https://www.youtube.com/watch?v=9B2AWED7E0o
"Окуучу" тарифи тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн шилтемени басыӊыз: https://www.youtube.com/watch?v=lZGLpoAo5lM
Окуучулар менен студенттер ѳздѳрүнѳ керектүү тарифти "Мой О!" тиркемесинен онлайн-каттоодон ѳтүү аркылуу кошо алышат. Тиркемени жүктѳӊүз жана "Тарифтер" менюсуна кирип, "Окуу үчүн" категориясын табыӊыз. Форманы толтуруу үчүн окуучуларда туулгандыгы жѳнүндѳ күбѳлүк, ал эми студенттерде – студенттик билет болууга тийиш. Сиздин ѳтүнмѳӊүз текшерилип чыккан соӊ, тариф бир күндүн ичинде каттоо иш-аракети аткарылган телефон номерине автоматтык түрдѳ кошулат. Ошондой эле тарифти O!Store сатуу жана тейлѳѳ кеӊселеринин бирине барып кошуп алуу мүмкүн. Жаныӊызда паспорт, студенттик билет, ал эми окуучуларда – туулгандыгы жѳнүндѳ күбѳлүк болууга тийиш.
О! Мобилдик оператору – бирге окуйбуз.