"Алдыга койгон максатым бар эле". АКШда 12 жаштагы өспүрүм студент болду

АКШда 12 жаштагы кыз студент болду. Ал Аризона штатындагы университетке окууга тапшырганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Алена Уикер жогорку класстын сабактарын үй шартында окуп бүтүрүүгө жетишип, жогорку окуу жайга тапшырды. Эми ал жай мезгилинде университеттеги окуусун баштоого ниеттенүүдө. Жаш студент окуу жайды 16 жашында аяктап, Улуттук аэронавтика жана космос башкармалыгында (НАСА) илимпоз болууну пландаштырууда.

"Менин алдыга койгон максатым бар эле. Мен ар дайым инженер болууну кыялданчумун, анткени бир нерсе курууну жактырчумун", - деген ал.

Анын максаты - Марс планетасына жөнөтүлгөндөй техникаларды куруу. Анын бир нерсе курууга болгон кызыгуусу кичине кезинде Лего оюнчуктарын ойноодон башталган. Аленанын апасы кызы 4 жашында эле НАСАда иштей турганын айтканын билдирген. Ал кызынын талантын байкап, кызыгуусун өнүктүрүүнү колго алган.

12 жаштагы өспүрүм ийгиликке, максатка жетүүгө жаш курагың жана эмне менен алектенериң маанилүү эмес деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан