Чемпиондор Лигасы: 1/4 финалга кайсы командалар өттү? (жыйынтыктар+видео)

Бүгүн, 17-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын биринчи күндүк оюндары өттү.

Анда Испаниянын атактуу "Реал Мадрид" командасы өз үйүндө Италиянын "Аталанта" клубун кабыл алды. Оюн кызыктуу болуп, "Реал Мадрид командасы 3:1 эсебинде жеңишке жетип, татыктуу түрдө турнирдин 1/4 финалына жолдомо алды.

"Реал Мадрид" (Испания) - "Аталанта" (Италия) ;

Голдор: Карим Бензема (34-м), Серхио Рамос (60-м), Луис Мурьель (83-м), Марко Асенсио (84-м).

Экинчи жуптук оюнда Англиянын "Манчестер Сити" командасы Будапешт шаарында Германиянын "Боруссия Мёнхенгладбах" командасын кабыл алып, 2:0 эсебинде атаандаштарынын үстүнөн жеңишке жетти. Эки оюндун жыйынтыгы 4:0 болуп "Манчестер Сити" командасы дагы татыктуу 1/4 финалга өттү.

"Манчестер Сити" (Англия) - "Боруссия Мёнхенгладбах" (Германия);

Голдор: Кевин Де Брёйне (12-м), Илкай Гюндоган (18-м).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан