Акыйкатчы: "СИЗО-1де оозун тиккен 3 адам тең Ысык-Ата райондук соту чыгарган чечимге нааразы"

Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери оозун тиккен 3 соттолуучу менен жолугушту. Бул тууралуу аталган аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер 12-март күнү барып, оозун тиккен 3 адам менен жолугушкан.

"Оозун тиккен адамдардын экөөсү Кыргыз жараны болсо, бирөө Өзбек жараны. Укук коргоочулар оозун тигип алган Б.И. менен сүйлөшкөн учурда, ал Ысык-Ата райондук соту чыгарган чечим менен 300 миң сом салынган айыпка макул эмес. Учурда бул иш Чүй облустук сотунда каралуу алдында турат.

Мамлекет тарабынан ага жактоочу жардам катары берилет. Ошондой эле сүйлөшүү учурунда соттолуучу түзөтүү кызматкерлерине жана кармоо шарттарына дооматы жоктугун билдирди.

Экинчи соттолуучу менен сүйлөшүү учурунда ал дагы Ысык-Ата райондук сотунун чыгарган чечимине нааразы. Бирок түзөтүү кызматынын жетекчилигине нааразы болуп оозун тиккен эмес. Анын дооматы ал арыз менен мамлекеттик бир катар органдарга кайрылган, бирок эч кандай реакция болгон эмес. Ошондой эле массалык маалымат каражаттары коомчулукка туура эмес маалымат таратпоосун суранган. Ал эч кандай күнөөсү жок соттолуп кеткенин айткан.

Үчүнчү Өзбек жараны Ю.А. аңгемелешүү учурунда Өзбекстан элчилигинин кызматкерлери келбей жатканын айткан. Ал буга чейин элчиликке кайрылган, азырынча жооп жок. Ошондой эле ал оорукчан экенин, ал жазасын өтөп жаткан камера ага ыңгайлуу болбой жатканын айтып берген.

Түзөтүү абагынын администрациясы Ю.А. аттуу жарандын арызы өз убагында тиешелүү жол-жоболорду сактоо менен Өзбекстан Республикасынын элчилигинин дарегине жөнөтүлгөнүн, учурда жооп күтүлүп жатканын айткан.

Ал эми оорусу боюнча бир нече жолу №47 дарылоо-түзөтүү мекемесинин борбордук ооруканасында дарыланган. СИЗО-1ге жакында эле келген. Ал эми кийинки аптада кайрадан жогоруда аталган дарылоо мекемесине дарылануу үчүн жөнөтүлүүсү күтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Бишкектеги СИЗО-1деги жарандар оозун тигип, алар жетекчи болуп келген Марс Жусупбековдун кызматка келишине нааразы экени маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан