Биз социалдык тармакта

"Ташиев бекем позицияда". Тажикстан менен болгон чек ара маселесин чечүү оор өтүүдө

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара маселесин чечүү оор өтүүдө. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек аралары боюнча Тажикстандагы сүйлөшүүлөрү үч күндөн бери уланууда. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, сүйлөшүүлөр оор жүрүүдө. Бирок мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоодо, Кыргыз өлкөсүнүн делегация башчысы, мамлекеттик чек ара комиссиясынын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич бекем позицияда турганы белгилүү болду", - деп жазды ал.

Буга чейин Тажикстандын Согди облусунун Ходжент шаарында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын өкмөттүк комиссияларынын кезектеги жыйыны болору кабарланган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Azat-123
2021-03-17 13:35:10
Камчыбек Кыдыршаевич, жаныңызга өзүңүзгө окшош көк жал элим деген кадрлардан даярдаңыз, жумуштарыңыз мындан да бат чечилет деп ишенем
+10
kamal777
2021-03-17 13:56:36
Катуу турунуздар,артка кетууго болбойт.
+12
nazarnew
2021-03-17 14:45:58
Чечкиле молодец, ак үйдөгү чимкириктерди алып келип туруп постко коюп салгыла.
+6
abdykapar
2021-03-17 15:40:09
Бекем туруңуз Камчыке.Эл сизден ошону күтөт жана талап кылат!
+7
Alia82
2021-03-17 17:24:19
Аллахым колдосун сизди
+7
zam81
2021-03-17 18:47:49
Башында ишендирип келип аягы ушундай болуп калды деп койчунар эле
0
Kombi
2021-03-17 19:16:29
Кудайдан сурап дуба кылалы Камчыбекке.
+4
Esenali
2021-03-17 22:01:57
мына дух
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан