Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда жарандык активист Тилекмат Куреновдун баш коргоо чарасы каралды. Ал бир айга камакка алынды.
Саясатчы Жеңиш Молдокматов соттун чечимине каршы экенин айтып, мындай акциялар улана турганын белгиледи.
Учурда жарандык активистти колдогондор соттун алдында анын боштондугун талап кылып жатышат.
Алардын катарында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, Жеңиш Молдокматов, Аманбол Бабакулов, Тилекмат Куреновдун атасы дагы жүрөт.
Буга чейин Жеңиш Молдокматов Тилекмат Куренов социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн кармалганын билдирген.