Көк бөрү: "Достук" командасы Манас Ниязов ойногон "Ала-Тоону" жеңди

Бүгүн, 17-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын оюндары башталды. Анда 2 тайпага бөлүнгөн Жогорку Лигадагы 6 команданын 4 командасы ойноду.

Жогорку Лиганын биринчи оюнунда Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы менен Баткендин "Жаш-Күч командасы кез келип, оюн 11:5 эсебинде "Сары-Өзөн" командасынын жеңиши менен аяктады.

Экинчи жуптук оюнда Оштун белгилүү "Достук" командасы менен дагы бир күчтүү делинген "Ала-Тоо" командасы кез келди. Бүйүр кызыткан оюндун жыйынтыгы 7:2 эсебинде "Достук" командасынын жеңиши менен аяктады.

Жогорку Лиганын калган оюндары эртең, 18-мартта уланат.

SUPER.KG порталы 19-марттан баштап Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан ат оюндарын түз алып берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baisogur
2021-03-17 15:02:23
Манас достукта эле журо беришин керек эле
0
Asmat84
2021-03-17 15:20:40
Манассыз көк бөрүнү элестетиш кыйын
+1
Mina24
2021-03-17 19:23:22
Достук Манасыз эле кучтуу экен далил 7-2
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан