Сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Денис Петрашов 19-21-март күндөрү Стамбул шаарында өтө турган эл аралык "Turkcell Istambul Open" мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчуну турнирге башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп барат.
Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу 17-марттан 22-мартка чейин Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен Стамбул шаарына жөнөтүлгөн.