Бүгүн, 17-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын оюндары башталды. Анда 2 тайпага бөлүнгөн Жогорку Лигадагы 6 команданын 4 командасы ойноду.
Жогорку Лигадагы Оштун "Достук" командасы Ош шаарынын "Ала-Тоо" командасын 7:2 эсебинде утса, Чүйдүн "Сары-Өзөнү" "Жаш-Күчтү" 11:5 эсебинде утту.
Жогорку Лиганын калган оюндары эртең, 18-мартта уланат.
SUPER.KG порталы 19-марттан баштап Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан ат оюндарын түз алып берет.