Фехтование боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү 19-23-март күндөрү Орусиянын Казань шаарында өтө турган Дүйнө Кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Мелдешке төмөнкү спортчулар катышат:
1. Даанышман Жумабай уулу;
2. Нурлан Кулуев;
3. Жоодат Эсеналиев;
4. Илим Бакытбек уулу;
5. Камиля Абдыл-Хамитова;
6. Нуртай Абдыл-Хамитов, башкы машыктыруучу;
7. Валерий Карякин, улук машыктыруучу.
Белгилей кетсек, спортчулар 17-марттан 25-мартка чейин Казань шаарына Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык иш сапарга жөнөтүлгөн.