Биз социалдык тармакта

Аксыдагы массалык уулануу: Бейтаптардын абалы канааттандырарлык болуп үйлөрүнө чыгышты

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында 6 адам ууланып каза болсо, дагы 11 адам ооруканада жаткан. Бүгүн, 17-мартка карата бейтаптардын баары ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

"11 бейтаптын 8и үйлөрүнө чыгарылып, 3 бейтап Аксы районундагы аймактык ооруканада дарыланып жаткан. Бүгүнкү күнгө карата бейтаптардын абалы канааттандырарлык болуп үйлөрүнө чыгарылды", - дешти маалымат кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

Массалык уулануу тууралуу 4-мартта белгилүү болгон. Анда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун 20 адам ууланганын, 7 адам каза болгонун билдирген. Жалал-Абад ОИИБи уулангандар чогулуп, 23-февраль менен 8-март майрамын өткөргөнүн айткан. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги уулангандар салат, беш бармак жеп, спиртти сууга аралаштырып ичишкенин, уулануудан 6 адам каза болгонун маалымдаган.

SUPER.KG порталы жакындарын жоготкон тарапты, кечени уюштурган делген аялды жана тиешелүү мекемелерди угуп, репортаж даярдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn-kyzym
2021-03-17 19:51:34
Экспертизанын жыйынтыгы не болду.? Жоопкерчиликти кимге койду.? Ким ууландырды толук чыгаргылачы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан