"Күйөөлөрүнүн артынан кеткендер". Ирактан мекенге кайтарылган балдардын энелери түрмөдө кандай жаза үчүн отурушат?

16-март күнү Ирактан 79 кыргыз бала мекенге алып келинген. Алардын энелери Багдаддын түрмөсүндө калганы белгилүү болду. Алар эмне себептен ал жакка барып калышкан жана кандай жаза үчүн түрмөдө? Ушул суроолор менен укук коргоочу Азиза Абдирасуловага SUPER.KG порталы байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

"Биз өзүбүздүн иликтөөбүздө ал жакка барган аялдарды беш категорияга бөлгөнбүз. Биринчи категорияда, чындап эле радикалдуу көз караштагылар, халифатты колдогондор. Радикалдуу көз карашта болуп өз каалоолору менен кетип калгандар. Бирок андайлар өтө аз, бирин-серин. Экинчи топто күйөөлөрү кеткенде жок дей албастан, ошолор менен чогуу кеткендер. Ага ар кандай себептери бар. Жумуш издейбиз деп, балким, күйөөлөрү радикалдуу көз карашта болуп аялдарын мажбурлап алып кетиши мүмкүн. Алар көбүнчө социалдык мүмкүнчүлүгү, үй-жайы жоктор.

Үчүнчү категория булар Орусияга же башка жакка жумуштап барып, ал жактан жумушу жүрүшпөй, иш таппастан рекрутерлердин колдоруна түшүп, алар Түркияга иштейсиңер дагы сырттан жакшы акча тапканга мүмкүнчүлүктөр бар деп алдап алып кеткендер. Төртүнчү категорияга айрыкча 17-18 жаштагы жаш улан-кыздар туш келишкен. Буларды чет жерде окуйсуңар деп учакка салып анан эле Сирияга алып келген фактылар бар. Бешинчи категориядагылар Кыргыз өлкөсүндө ондоп саналат. Алардын балдары-кыздары кетип, неберелерин алып, келиндери кетип, анан ошолорду алып келем деп артынан кеткендер.

Өзүбүздүн каналдарыбыз менен иштегенибизде, ошол эле Багдаддын түрмөсүндө отургандарга чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн, Ирак мамлекетинде мыйзамсыз жашаган деген айыптоолор коюлгандар бар экендиги белгилүү болду. Алардын мөөнөтү азыраак. Ал эми түздөн-түз согуш талаасында болгон же болбосо террорчуларга көмөк кылган деген күнөөлөр коюлгандары бар, алардын жаза мөөнөтү көбүрөөк. Эң жогорку өлүм жазасы, бирок мен билгенден Иракта азыр аялдарга карата өлүм жазасына мораторий бар", - деп билдирди Абдирасулова.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнө алып келинген балдардын энелеринин арасында өлүм жазасына тартылгандары бар экендиги жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан