Аскерде кызмат өтөп жатып кургак учук жуктуруп алган жоокерлердин саны 15ке жетти. Маалыматты Бишкек шаардык кургак учукка каршы оорукананын башкы дарыгери Тамара Баялиева билдирди.
“Кечээ, 17-мартта кургак учук илдети аныкталган дагы эки жоокер келип кошулду. Учурда кургак учуктун жабык түрү менен ооруган 14 жоокер Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканада дарыланып жатышат. Ал эми ачык түрү менен жабыркаган бир жоокер башка ооруканада дарыланууда", - деди Баялиева.
Эскерте кетсек, №97632 аскердик бөлүктө 2020-жылдын 21-декабрында кызмат өтөп жаткан жоокерден кургак учук илдети аныкталган. Андан көп өтпөй аталган илдетке кабылган жоокерлердин саны 12ге жеткени маалымдалган болчу.