Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи кызмат ордуна талапкер катары 8 адам катталды. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Шайлоо 5-апрелде өтөт. Муфтийликке талапкерлерди каттоо аяктады.
Талапкерлер:
Нурбек Токтогулов;
Андан сырткары Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырса, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталды. Муфтий жана кеңештин мүчөлөрү төрт жылдык мөөнөткө шайланат.
Буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.
Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Токтомушев 12-февралда үй камагына чыгарылган.