Чемпиондор Лигасынын тарыхында биринчи жолу бир өлкөнүн төрт машыктыруучусу чейрек финалга өттү. Алар кимдер?

Бүгүн, 18-март күнү түндө Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын акыркы жооптук беттештери орун алды. 1/8 финалда Европанын эң мыкты делинген командалары чейрек финалга өтүштү.

Ошол эле учурда Чемпиондор Лигасынын тарыхында биринчи жолу бир эле мамлекеттин, тагыраагы Германиянын төрт машыктыруучусу чейрек финалга өттү. Алар: Эдин Терзич ("Боруссия Дортмунд"), Юрген Клопп ("Ливерпуль"), Томас Тухель ("Челси") жана Ханс-Дитер Флик ("Бавария").

Чейрек финалдын чүчү кулак аземи 19-март жума күнү Швейцариянын Ньон шаарындагы УЕФА уюмунун башкы кеңсесинде болот. Чейрек финалдын алгачкы беттештери 6-7-апрелде өтсө, жооптук беттештер 13-14-апрелге белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurbek56
2021-03-18 11:42:12
Челси Англиянын клубу эмес беле же мен адаштымбы?
-1
Nuran-1982
2021-03-18 11:55:44
nurbek56,Бул жердей клуб эмес, машыктыруучуларды айтып жатат. Челсинин машыктыруучусу Германиянын жараны.
+5
bayern-munchen
2021-03-18 19:02:00
Nuran-1982,кече эле футбол коруп бугун талашкандар абдан коп тушунуп кой тигини откондо бироосу Мессини Бавариянын оюнчусу деп алыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан