Кытайдан өлкөгө Sinopharm вакцинасы келет. Вакцина каттоодон өткөнбү?

Бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин жетекчилиги астында Саламаттыкты сактоо министрлигинин жыйыны өтүүдө. Анда эмдөө борборунун директору Гүлнара Ишенапысова Кытайдан өлкөгө Sinopharm вакцинасы келе тургандыгын айтты.

"Кытай өлкөсү тарабынан 150 миң долларлык келишимдин негизинде эртең, 19-мартта гуманитардык жардам катары Sinopharm вакцинасы келет. Бул вакциналар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан каттоону күтүп жатат. Биздин адистер белгилегендей, аталган вакцина абдан ыңгайлуу жакшы вакцина. Министрликтин буйругу менен кызматкерлерибиз окуудан өтүп, биз эмдөө иштерине бир ай мурун эле дайынданып койгонбуз.

Биринчи этапта региондорго эмес, биз анализ-мониторинг кылып алуу үчүн эмдөө пункттары Бишкек, Ош, Кант шаарында, Сокулук айылында ачылат”, - деди Ишенапысова

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Aibek_eka
2021-03-18 12:32:08
Ээ айланайындар катоодон отпогон ваксинаны башынарга тартасынарбы? Россиянын СПУТНИК V ваксинасын албайсынарбы?
+6
Gulizaa
2021-03-18 13:41:11
Каттоодон отпогон вакцинаны башынарга тартасынарбы.тооба.олуп эле калгыла .
+2
JaneEr
2021-03-18 13:46:14
Биринчи прямой эфирде озунорго сайдыргыла,анан ишенейли
+5
Azat-123
2021-03-18 15:05:04
Кытайдын менмин деген жумурткасы менен банандарынан мындан 10 жыл мурун эле түңүлгөм, а вакцинысына ким кепилдик бере алат бир кудай билет
+1
sainazarov0555
2021-03-18 15:22:00
Кытайдын вакцинасын албайлы, жакшысы Россиянын Спутник V ишеничтуу
+2
Globalnews
2021-03-18 15:41:34
Кытайдын вакцинасы 2020жылдын июль айынан баштап испытание башталган, ал кезде спутник даже жок болчу, ушуга чейин олум каттала элек бул вакцинадан.Кытайда бут ушул вакцина берилип жатат,бирок дозасы спутниктики кобуроок, кучтууроок, бирок онкология, возрастной ооруларга коркунучтуу болушу мумкун, эмне дегенде орустар андай испытание жасашпады, чэт жактагы орустар китай вакцинасын алып жатышат, а оздорунукун "сыровата" деп коркушат, эми озунор жыйынтык чыгаргыла
-2
Aibek_eka
2021-03-18 19:26:01
Globalnews,кытайдын тамагы кийими алмасы оругу билесинби алмасын курт да жебейт кытайдын балким 1 2 жылдан кийин ваксинасы адамдарды олтуро баштайттыр
-1
Chungyz
2021-03-18 16:55:29
Туз эфирден легенда сууну деле сайып койо берет ишеничтуу дарыны алгыла
+1
nazira...
2021-03-18 19:27:00
Биринчи өзүнөргө сайдыргыла элдин көзүнчө, анан силерден кийин толук 1 айдан кийин башкаларга сайасынар. Тапкан экенсинер бизди "подопытный кролик" кылып. Ноокатта канча баланы спид кылган силерсинер, бардык нерсени күтсө болот силерден. Лучше сайдырбаш керек. Заставлять эте албайсынар.
+1
Nuri1988Elim2010
2021-03-18 22:46:49
Алуунун кереги жок,
Вирус ушулардан чыкса дагы көк мээлер дагы эле Кытай дейсиңер
+2
Parish
2021-03-18 23:52:39
Кытайдан вакцинаны алыштын кереги жок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан