Биз социалдык тармакта

Карантиндик чектөөлөр кайра киргизилеби? Министрлик жооп берди

Бүгүн, 18-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин жыйыны болуп өттү. Анда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Нурболот Үсөнбаев "Карантиндик чектөөлөр жакын арада киргизилиши мүмкүнбү?" деген суроого жооп берди.

"Жеке коргонуу маселесин карабай жатабыз. Колду жууп, дезинфекция кылып жатабыз деп атабыз, бирок бет кап кийүү, аралыкты сактоо деген талаптар сакталбай жатат. Эч нерсе жасабай туруп карантиндик чаралар киргизилеби деген суроолор болуп жатат. Сактануу ар бир жарандын милдети катары болгондо, биз бул пандемияны жеңил ооздуктап алабыз. Өлкө боюнча чектөөлөр киргизилет деп күтүүгө болбойт. Ар бир регион, чоң шаарларда атайын комиссиялар бар алар ошол жердин эпидемиологиялык абалын карап чыгып, ошого жараша чечим кабыл алышат. Аябай сураныч, ар бир жаран өзүн-өзү коргоп баштаса, пандемияны жеңип кете алабыз. Жоопкерчиликти күчөтүү зарыл", - деди Үсөнбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
munar1980
2021-03-18 17:16:54
Менимче толук өткөн жылдагыдай карантиндин кереги жок. Балким киргизсе Аш Той Юбилей дегендерди токтотуп турса эле жетиштүү болсо керек,күзгө чейин бир тойдо бери эле дегенде 300-500 киши келет.
+1
tilek121277
2021-03-18 19:42:43
Дагы башташтыбы элди кыйнап министирлер силерге окшогон байларга иштебейт карантин баягы эле элдин шору
0
Nuri1988Elim2010
2021-03-18 22:43:02
Шайлоо дегенде карантинди, вирусту унутуп койдуңар элего,
Карантин карапайым эл үчүн элеби ?
+1
Parish
2021-03-18 23:47:07
Ээ айланайын,ушу митинг дегенди да токтотуш керек.кочомо кочо кыдырышып бири бирине жуктурат да.
0
aslan_akjol89
2021-03-19 01:01:36
Вирус жок дегендер почти жок болуптур буйруса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан