Түндө Бишкекте кудуктардын капкактарын уурдоого шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарында кудуктардын капкактарын уурдагандар кармалууда. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, унаа каттоочу жолдордо кудуктардын капкактары уурдалып, ал жер ачык калып, жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, жада калса жол транспорт кырсыктарына алып келген фактылар да катталган.

Кечээ, 17-мартта болжол менен саат 01:10 чамасында “102” кызматына Чүй жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар капкактарды көтөрүп бара жатат деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда, жолдогу суу түтүктөрүн камтыган кудуктардын капкактары уурдалгандыгы аныкталган. Кылмыш изи сууй электе аталган кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган жана 1957-жылы туулган жарандар капкактарды араба менен алып бара жаткан жеринен кармалышкан. Кармалган жарандар Свердлов РИИБинин тергөө кызматына камалды. Шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактоо учурунда, туруктуу жашаган жери жок үй-жайсыз адамдар экендиги аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anonymous
2021-03-18 21:03:28
Колдорун кесип койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан