Апрель айында биринчи жолу Бишкекте өтө турган дзюдо боюнча рейтингдик Азия жана Океания чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн намысын 9 дзюдочу коргойт. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынан билдиришти.
Азия чемпиондугунда өлкө намысын төмөнкү дзюдочулар коргойт:
60 килограмм салмакка чейин: Айбек Кубанычбек уулу жана Отар Бестаев;
66 килограмм салмакка чейин: Артур Те жана Байбол Саламат уулу;
73 килограмм салмакка чейин: Бексултан Султанов;
81 килограмм салмакка чейин: Владимир Золоев;
90 килограмм салмакка чейин: Эрлан Шеров;
100 килограмм салмактан жогору: Юрий Краковецкий жана Бекболот Токтогонов.
Азия жана Океания чемпиондугу Бишкек шаарындагы "Газпром – балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда 6-апрелден 9-апрелге чейин өтөт. Бул мелдеш олимпиада оюндарына рейтингдик болуп эсептелет. Чемпиондукка 30дан ашык Азия мамлекеттеринен 400-500 спортчунун катышуусу пландаштырылып жатат.