Бүгүн, 18-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын оюндары уланууда. Анда 2 тайпага бөлүнгөн Жогорку Лигадагы 6 команданын 4 командасы ойномокчу.
Жогорку Лиганын биринчи оюнунда Таластын "Ынтымак" командасы Баткен облусунун "Жаш-Күч" командасын 5:1 эсебинде утту. Бул оюнда белгилүү улакчы Нуржан Мелисбек уулу мыкты оюн көрсөтүп, атаандаштарынын тай казанына 3 улак сала алды.
Учурда Жогорку Лигадагы дагы бир кызыктуу делинген Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы менен Оштун "Ала-Тоо" командаларынын беттеши башталуу алдында турат.
SUPER.KG порталы 19-марттан баштап Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан ат оюндарын түз алып берет.