Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу айылдардын биринде психикалык жактан жабыркаган бала өз апасынын башына бычак сайып жиберген. Апасы башынан кан токтобогон абалда ооруканага жеткирилген. Окуя 2020-жылы ноябрь айында болуп, шектүүгө карата соттун чечими чыкты. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтында жарыяланды.
Окуянын чоо-жайы:
2020-жылдын 6-ноябрь күнү болжол менен саат 10:30 чамасында Ат-Башы районундагы айылдардын биринин тургуну үйдүн кире беришиндеги тепкичтен "балама эмне себептен дары берип жатасың?!" деп энесинин баш сөөгүнө ашкана бычагы менен сайып жиберген. Анын кесепетинен апасынын башынан кан токтобой, денесинен жаракат алып Нарын облусунун бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракаттар бөлүмүнө жеткирилген.
Айыпталуучу Нарын шаарында туулган, улуту кыргыз, билими орто, бир баласы бар, мурда соттолбогон, эч жерде иштебейт.
Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган:
"Биз үйдөгүлөр болуп отурганбыз, жиним келип кетип ушундай байкабастык болуп кетти, мурда ооручу деле эмесмин, анткени дары ичип жүрчүмүн", - деген ал көрсөтмөсүндө.
Сотто айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлү: "Бир тууган байкем көп сүйлөбөйт, акыркы кезде ооруп жүргөндүгүнө байланыштуу дарылануу үчүн психиатриялык ооруканага жаткырууну суранам", - деп билдирген.
Сотто жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө төмөнкүлөрдү билдирет:
"Ошол эле күнү неберем тумоолоп ооруп жаткан, анан мен дары берсем, уулум "балама эмне дары берип жатасың" деп сурады, сасык тумоонун дарысын бердим дедим. Жолдошум Ат-Башыга мончого баратканда неберемдин чачын тегиздетип мектепке даярдоого кошо жиберип жаткам, анан эле артымдан башыма катуу сокку болду, эмне болгонун түшүнбөй калдым. Бир маалда жолдошум кач деп кыйкырды, артымды карасам уулум колуна ашканада колдонулган бычакты кармап туруптур. Мени ошол бычак менен сайып жиберди. Балам психикалык жактан үч жылдан бери жабыркайт, акыркы убакта дарысын ичпей, көп сүйлөбөй, сөз укпай, урушкусу келип калган, баламды психиатриялык ооруканага дарылатууга жайгаштырууну сурайм", - деген апасы.
Өкүм:
Соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусуна ылайык, айыпталуучунун параноиддик шизофрения менен ооруй турганы аныкталган. Айыпталуучунун акыл-эси соо эместиги, анын кесепетинен өзүнүн аракеттерине жооп бере албагандыгы далилденгендиктен, кылган жосуну коомго коркунуч келтиргенине байланыштуу Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар психиатриялык мекемесине күчөтүлгөн байкоого алуу менен госпиталдаштыруу чарасын колдонууну судья туура деп тапты. Иши өндүрүштөн кыскартылды.