Бүгүн, 18-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын оюндары уланууда. Анда 2 тайпага бөлүнгөн Жогорку Лигадагы 6 команданын 4 командасы ойномокчу.
Жогорку Лиганын экинчи оюнунда Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы менен Оштун "Ала-Тоо" командасы кез келди. Беттештин экинчи бөлүгүндө эки команданын оюнчуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алып, оюн бир саамга токтоп калды.
Учурда беттештин экинчи бөлүгү аяктады. Эсеп саны 1:0. Алдыда "Ала-Тоо" командасы.