Бүгүн, 18-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын оюндары уланууда. Анда 2 тайпага бөлүнгөн Жогорку Лигадагы 6 команданын 4 командасы ойноду.
Жогорку Лиганын экинчи жуптук оюнунда Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы менен Оштун "Ала-Тоо" командасы кез келип, оюн 4:0 эсебинде "Ала-Тоо" командасынын жеңиши менен аяктады.
Эртең, 19-мартта Жогорку Лиганын тайпалык баскычынын акыркы оюндары өтөт. Анда "Мурас" командасы атактуу "Достук" менен беттешсе, "Сары-Өзөн" командасы Таластын "Ынтымак" командасы менен кез келет.
SUPER.KG порталы бул оюндарды түз алып берет.