Жалал-Абад облусунун Сузак районунда зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузак жана Ырыс айыл аймактарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары колдоруна ар түрдүү мазмундагы плакаттарды көтөрүшүп, 2 чакырымдай аралыкты басып өтүштү.
"Жөө жүрүш Жалал-Абаддын кире беришиндеги Курманбек баатырдын эстелигинен башталып, Сузактын борбордук аянтында жыйынтыкталды. Өспүрүмдөргө баңгизаттарын колдонуунун терс жактары, кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы камтылган атайын брошюралар таратылды. Бул иш-чарага катышкан райондук прокуратура жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп мугалимдери жаштарга кайрылуу жасап, кылмыштуулуктан алыс болууга үндөштү", - деп жазылат маалыматта.